09:47, 12 февраля 2019, 24.kg

Кубанычбек Кулматовдун иши. Жактоочу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылат

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун иши сотко өттү. Биринчи соттук отурум 14-февралда болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДП фракциясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айтымында, мурунку шаар башчысынын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу даттануу ниетинде. Алардын пикиринде, Кубанычбек Кулматовду камакка алууга соттун жана тергөөнүн объективдүү себеби жок.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18