08:41, 12 февраля 2019, 24.kg

Ананьево көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалагандар аныкталды

«Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткен» деп жергиликтүү тургундардын бири шек саналууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замирбек Турсунбеков маалымдады.

Анын айтымында, көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо айыл тургундарынын жеке пикир келишпестигинен улам келип чыккан. Баштапкы маалымат боюнча окуяга диний көз караштар себеп болгон эмес. Учурда милицияда тергөө иштери жүрүп жатат.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен. Көрүстөндүн жалпы аянты 1,5 гектар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18