14:08, 11 февраля 2019, 24.kg

Мурунку аткаминер менен депутаттын чыры. Күнөөлүү 10 миң сом төлөп бериши керек

Чүй облустук соту Беловодск айылдык кеңешинин депутаты Сейитбек Надырбековду бейбаштыкка айыптап, 10 миң сом өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу тарап Жогорку соттун чечимине арызданышты. Эске салсак, былтыр апрелде Сейитбек Надырбеков аталган айыл өкмөттүн башчысынын мурунку орун басары Советбек Орозалиевди сабап салгандан кийин, жабырлануучу каза болуп калган.

Айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган жок. Ал эми жергиликтүү кеңештин мүчөлөрү окуя тууралуу маалыматы жок экенин айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18