10:05, 11 февраля 2019, 24.kg

Активисттер кыргызстандыктарды той өткөрүү үчүн насыя албоого чакырат

Активисттер кыргызстандыктарды той өткөрүү үчүн насыя албоого чакырат. Алар Бишкектин жолдоруна «Тойго насыя алба!» деген жазууну жазышкан. 

Активисттердин айтымында, жазууларды банктын кире бериш жерлерине жазышкан. Муну менен катар алар каржы мекемелеринин ишмердүүлүгүнө каршы эмес экендигин билдиришти.

«Эл биздин жазууну банкка кирип баратканда окусун дедик. Алар акчаны кантип туура иштетүүнү билбейт деп кооптонуп жатабыз. Акчаны ар кандай той өткөрүү үчүн алып жатышат! Ишкерлик үчүн эмес, үйлөнүү той үчүн алышат! Андан кийин карызга белчесинен батып калышат. Жаштар болсо насыяны жабуу үчүн чет жерге иштегини кетишет», -дешти активисттер.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18