12:10, 10 февраля 2019, 24.kg

2018-жылы эң көп коюлган ысымдар. Уулдар арасында Умар, кыздарда Раяна алдыда

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы эң көп коюлган ысымдардын тизмесин жарыялады.

Кыргызстандыктан уулдарына көбүнчө — Умар, Алинур жана Али деген ысым беришкен. Ал эми кыздардын көбү Раяна, Амина жана Айлин деп аталган.

Каттоо кызматынын маалыматында, Умар төрт жылдан бери Кыргызстанда белгилүү ысымдардын алдынкы үчтүгүндө.

Photo 105216

2018-жылы төрөлгөн 2956 бала Умар болду, 1903 кыз Раяна аталды.

Өткөн жылы эң көп ата-эне баласын Мухаммед деп аташкан. 2471 балага пайгамбардын ысмы ыйгарылган.

Уулдарга ыйгарылган ысымдар: Алинур −2442, Али −1487, Нурислам −1477, Алихан — 1406, Амир — 1371, Билал — 1288, Эмир −971, Ариет −922.

Кыздарга ыйгарылган ысымдар: Амина −1703,Айлин — 1637, Арууке −1423, Алия −1407, Фатима −1273, Айбийке — 1226, Сумая-1177, Ариет −922, Аруузат −1078.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18