16:49, 08 февраля 2019, 24.kg

Мурдакы министр Талантбек Батыралиев кылмышка шектелүүдө

Мурдакы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, Жемкорлук менен күрөшүү агенттиги бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын V даражасындагыларга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам кызматын сатып алууда «Мамлекеттик сатып алуу» мыйзамынын талабын бузуу фактысы боюнча иш козгогон. Ал боюнча аудит өткөн.

«Эсептөө палатасынын текшерүүсү мамлекетке 107 миллион сом зыян келтирилгенин ырастады», — дейт УКМК.

Талантбек Батыралиевге «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Өлкө кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү» беренелерине шектелүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18