16:14, 08 февраля 2019, 24.kg

Парламент менчик клиникаларга органды алмаштырууга уруксат берүүгө ниеттенүүдө

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгууга киришти.

Бирок коомчулук өкүлдөрү мамлекет адам органдарын алмаштырууну көзөмөлдөөгө даяр эмесин жана бул мыйзам кабыл алынса, өлкөдө адам органдарын мыйзамсыз сатуунун көмүскө базары пайда болот деген кооптонуусун айтып чыгышты.

Парламент жакында эле «Адам органдарын же ткандарын трансплантациялоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун макулашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу токтом кабыл алган. Эми парламент менен өкмөттүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн макулдашуу тобу мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу жана адам органдарын алмаштырууга уруксат берүү үчүн талап кылынган шарттарды камтыган укуктук ченемдерди иштеп чыга турган болду.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде адам органдарын алмаштырууга уруксат берүү үчүн мыйзамда талап кылынган шарттар жана жоопкерчилик чаралары камтылары айтылды.

Парламенттин тиешелүү комитетинин төрайымынын орун басары, депутат Алмазбек Токторов адам органдарын мыйзамсыз сатууга каршы чаралар дагы анда иштелип чыгарын билдирди.

«Бирөөнүн бөйрөгүн анын эркине каршы алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар. Биз адам органдарын сатууга байланыштуу беренелерди да күчөтүү жагын карап жатабыз. Ошол кодекстерге да өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Эми буга да эрте десек, жүрө беребиз. Коңшу Тажикстанда мыйзам эчак кабыл алынып, бул тармак жакшы өнүгүп жатат. Бизде «көмүскө трансплантологдор чыгат» деп коркуп, каршылык болуп жаткан чакта биздин оорукчан жарандар коңшуларга же башка алыскы өлкөлөргө барып, органдарын алмаштырууга мажбур болушууда. Сыртка чыгуу биздин жарандар үчүн кымбатка түшөт. Алар үчүн ары-бери жолдо жүрүү да кыйынчылык жаратат. Азыр эрте деп жүрө берсек, бизде медицина өнүкпөйт», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18