14:00, 10 февраля 2019, 24.kg

Имиджи өзгөчө ырчылар. Беткап, кирпик, чач жана эпатаждуу макияж

Акыркы жылдары Кыргызстандын шоу-бизнесинде коендой окшош ырчылар көбөйдү, айрыкча кийинүү стили, чач, каш жасалгалары, ал тургай ооздору дагы окшош дегенди көп угуп калабыз.

24.kg агенттиги стили жагынан башкалардан айырмаланып, эпатаждуу образдары менен сахнаны багындырууга аракет кылган ырчыларды тизмектеди.

Кайрат Кыргыз деген лакап ат менен таанымал ырчы Кайрат Салмакеев буга чейин фольклор жаатындагы ырларды созолонтуп, комузда кол ойнотуп келген. Анын акыркы жылдары аткарып чыккан «Жаштык кез», «Жактырам» деген ырлары эл оозуна тез алынып, жаңы стили кызуу талкуу жаратты.

Photo 105182

Ырчынын күйөрмандары аны туурап чачтарын сарымсак сымал жасап, ырын аткарып интернетке таратышкан. Бирок, анын чийилген кашын сындагандар да четтен чыккан. Кыргыздын улуттук кийимин кийип эле ырдап жүрүүнү сунуштагандар да болгон.

Photo 105186

Эпатаждуу ырчылардын катарында Каныкей дагы бар. Ал өзгөчө образ менен чыккандыктан, угармандардын эсинде азыр деле сакталуу.

Photo 105183

Каштары чийилген, көзү башкача нукта боелгон ырчынын азыр образы өзгөргөн. Каныкей алгач «Жүрөк сыздайт», «Неге» деген ырлары менен эл оозуна алынган.

«Туфли», «Күйөө издейм» деген өзгөчө аталыштагы ырлардын аткаруучусу өзгөчө стили бар Назель айым. Анын ырлары гана эмес, турган турпаты жана сырткы көрүнүшү башкалардан таптакыр айырмаланып турат. Анын айрыкча кирпиктери эле бир тайлык.

Photo 105184

Лира Севен аттуу өзгөчө ысым менен таанымал ырчы «Кыргыз жигит», «Жашоо керемет», «Эркетаймын» аттуу чыгармаларды аткарган. Анын чач жасалгасы башкалардан айырмаланып турат.

Photo 105187

Лира Севен ырчылыктан башка кол өнөрчүлүк менен да алектенип келгенин айтат. Ал улуттук баш кийимдердин түрлөрүн жасайт.

Photo 105188

Беткапчан Тата Уланды жаш балдардан тарта кары кишилерге чейин билишет. Өзүн этноакынмын деген ырчынын «Карындаш», «Көлдү сактайлы», «Баары бир» аттуу чыгармалары бар.

Photo 105191

Индира аттуу ырчы айым Тата Уландан кем калышпай беткап кийгендердин катарын толуктады. Анын аткаруусунда «Мен киммин?», жана «Акча деп» деген ырлары коомчулукка белгилүү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18