14:13, 08 февраля 2019, 24.kg

Кыргызстандын түштүгүндө эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргызстандын түштүгүндө эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Ал буга чейин издөөдө жүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн шектүү Жалал-Абадда колго түштү. Ал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин жараны. Буга чейин шектүү өз өлкөсүндө оор мүнөздөгү кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө турган. Мындан сырткары террордук багыттагы иштерди аткарып жүргөнү аныкталды.
 
Алдын ала алынган маалыматка таянсак, кармалган жаран буга чейин жарылуучу заттарды колго жасоо боюнча атайын курстан өткөн. Ал Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, террордук уюмдарды түзүүнү максат кылып жүргөн.
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18