12:44, 08 февраля 2019, 24.kg

Балбан Акжол Махмудов оор жаракат алды

Балбан Акжол Махмудов оор жаракат алып, учурда аны Германияда дарылатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын отурумунда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, балбанды дарылатууга 1,5 миллион сомго жакын каражат керек. Бул сумма аталган агенттиктин бюджетинен бөлүнөт.

«Анын атасы менен сүйлөшүп жатабыз, дарыланууга кеткен акчаны толугу менен төлөп беребиз. Ал 6 айда калыбына келиши күтүлүүдө», — деди ал.

Акжол Махмудов — учурдагы Азия чемпиону жана 2018-жылдагы Азия оюндарынын вице-чемпиону.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18