11:27, 08 февраля 2019, 24.kg

Өлкөгө эмне себептен инвесторлор келбей жатат. Экономика министрин сындашты

КСДП фракциясынын отурумунда Экономика министри Олег Панкратов Кыргызстанга эмне себептен инвесторлор келбей жаткандыгын айтып берди. Анын жообу депутаттарга жаккан жок.

Аткаминердин айтымында, негизги себеп Кыргызстан инвестициялык долбоорлор үчүн жер сунуштай албай жатат.

«Мындан тышкары эркин энергокубаттуулук жок. Кыргызстан жооптуу болгон эл аралык талаш-тартыштар жөнгө салынган эмес. Сапаттуу инветициялык сунуштар, бизнес-пландар жок. Жолдор, аба майдандар жана интернеттин өнүкпөгөндүгү дагы таасир берүүдө», -деди ал.

КСДП фракциясынын лидери министрдин сөзүн бөлүп, болбогон нерселерди сүйлөп жатканын айтты. «Бизге жомок айтпай заводдорду кантип курулганын айтып бериңиз», -деди ал.

Анвар Артыков дагы министрдин ишине нааразычылык билдирип, «Инвесторлордун айланасында бекерчилер көп. Ар ким өз көмөчүнө күл тартууда. Инвесторлор көп акча менен келишет, бирок сиздер менен жакындан тааныша албай жатат», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18