10:39, 08 февраля 2019, 24.kg

Сайкал Садыбакасова менен Максат Довранов ажырашат

Эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасова менен теле алып баруучу катары таанылган Максат Довранов ажырашууну чечишти. Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Turmush басылмасынын кабарчысына кызы менен күйөө баласы чогуу жашабай калганына 1 ай болгонун ачыктады.

Photo 104970



«Эки жаштын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, учурда экөө тең ажырашууну чечишкен. Бирок нике күбөлүгү кыркыла элек. Мен Максатты өз баламдай эле көрөм. Сайкал менен Максат ажырашса дагы достук мамилени сактап калышат. Максаттын ишине ийгилик каалайм. Кудагыйым менен да жакшы мамиледемин. Мындан ары мамилебиз уланат», — деди Гүлшайыр Садыбакасова.

Эске салсак, эки жаш Ош шаарындагы ресторандардын биринде 2017-жылдын 14-ноябрында үйлөнүшкөн.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18