10:19, 08 февраля 2019, 24.kg

Орусияда кыргыз үй-бүлөнүн кичинекей кыздары өрттөн жабыркады

Орусияда кыргыз үй-бүлөнүн кичинекей эки кызы өрттөн жабыркады. Бул тууралуу «Москва» шаар жаңылыктары агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Москванын батышындагы Родникова көчөсүндөгү курулуш жүрүп жаткан жерде болгон.

«Күйүп жаткан вагондон жумушчулар эки кыздын өмүрүн сактап калышты. 7 айлык кыздын бети жана манжалары, ал эми 3 жаштагы эжесинин бети, кулак калканы, манжалары жана таманы күйгөн. Балдар хирургиялык жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди», — деп билдирди агенттик.

Билдирүүгө таянсак, курулуш иштери жүрүп жаткан аймакта орун алган вагон «Солнцево» электродепосуна караган. Өрттү депонун жумушчулары өчүрүп, балдарды куткарып калышкан.

Алдын-ала маалыматка караганда, жалын электр пжабдыктарын этиятсыз колдонуудан чыккан. Кыздардын ата-энеси Москванын 3-Михайловский көчөсүндө жашаган 30 жана 22 жаштагы кыргыздар болуп чыкты.

Тергөө комитети кырсык маалында балдардын ата-энелери кайда жүргөнүн териштирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18