09:27, 08 февраля 2019, 24.kg

Гайипкулов: Мелис Мырзакматов Алмазбек Атамбаев менен бирикпейт

«Мелис Мырзакматов Алмазбек Атамбаев менен бирикпейт», — дейт анын кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайипкулов.

Ал Атамбаев менен Мырзакматовдун ортосундагы сүйлөшүүлөр боюнча маалыматты жокко чыгарды.

«Мындай маалыматтарды жүзүн ачпаган «фейк» адамдар таратып жатышат. Атамбаев кетип, Жээнбеков бийликке келгенден бери мамлекеттеги саясатчыларды эки фронтко бөлгөн оюн жүрүп жатат. Мелис Жоошбаевич тууралуу ачык эле айтам, ал эч качан Атамбаевдин идеологиясын колдоп, аны менен биригип кетпейт. Себеби, Мырзакматовдун өзүнүн саясый көз карашы бар. Ал да бир чоң саясый партиянын жетекчиси. Эгерде ал «Атамбаевге кошулуп, анын саясатын колдойм» десе, Атамбаев президент болуп турган убакта эле анын шансы бар болчу. Мырзакматовго убагында Атамбаев тараптан көп сунуштар болгон. «Министр кылам» деген. Бирок, ал мэр болуп, кызматта турганына карабай, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына ачыктан-ачык сын айтып турган. Билесиңер, ошондон улам ал саясый куугунтукка алынып, иш козголгон», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18