16:14, 07 февраля 2019, 24.kg

Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу иш 15-февралга жылдырылды

Ленин райондук сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу иш каралууда.

Сот ЖМАКтын кызматкерин суракка алды. Күбө соттолгон Мурат Суталиновдун мүнөздөмөсүн жакшы деп айтып, эч ким менен чатакташпай турган киши катары сыпаттады.

Сотто төрагалык кылган Бактыбек Сыдыгалиев отурумду 15-февралга жылдырды. Анткени ал Мурат Суталиновдун иши менен тааныша электигин айтты.

Эске салсак, Жогорку сот Мурат Суталиновду 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал рак оорусу менен жабыркап келет.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18