14:23, 07 февраля 2019, 24.kg

Вашингтондо конокто жүргөн кыргыз депутаттары кызыгуу жаратты

АКШнын президентти менен тамактанууга чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттары башка коноктордун кызыгуусун жаратты. Бул тууралуу Facebook баракчасына депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

Анын айтымында, Доналд Трамп менен жолугушууга барган алты депутаттын ак калпагына башка өлкөлөрдүн эл өкүлдөрүнү таң калууда. 

«Бул жерде 180 өлкөнүн өкүлдөрү келишти. Алар баары биздин мырзалардын калпагына кызыгып, келип сурап, сүрөткө түшүп жатышат», - дейт ал.

Photo 104885

Белгилей кетсек, АКШ президенти жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунан эл өкүлдөрүн салттууу эртең мененки тамактанууга чакырат. Ага быйыл парламенттин депутаттары - Жылдыз Мусабекова, Алманбет Шыкманбетов, Улукбек Ормонов, Фархад Туленбердиев, Нурбек Алимбаев жана Абдыбек Дюшалиев катышууда. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18