13:43, 07 февраля 2019, 24.kg

Фергана облусунда банктан 100 миң доллар уурдалды

5-февралда Элдик банктын Яъяван районундагы аймактык өкүлчүлүгүнөн 100 миң АКШ доллары уурдалды.

Маалыматка караганда, акча уурдалганы иш күнү аяктагандан кийин белгилүү болгон. Дароо эле банкта иштеген бардык кызматкерлер кармалып, түнү бою сурак берип, үйлөрү тинтүүгө алынган.

Райондук ички иштер бөлүмүнөн (РИИБ) банктан 100 миң доллар жоголгонун ырастап, бирок азырынча аны ким уурдаганы боюнча божомолдор жок экенин билдиришти.

Бул ишти облустук ички иштер башкармалыгынын атайын тергөө тобу өз көзөмөлүнө алганы кабарланууда.

Иш менен жакындан тааныш булактар банкта былтыр октябрдан бери видеокөзөмөл камералары иштебей турганын билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18