09:45, 07 февраля 2019, 24.kg

Стамбул шаарында 43 киши жашаган 8 кабаттуу үй кулап түштү. Каза болгондор бар

Түркиянын Стамбул шаарында 43 киши жашаган 8 кабаттуу үй кулап түштү. Бул тууралуу түркиялык ЖМК жазды.

Окуя болгон жерге көп сандаган полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана медицина кызматкерлери келишти. Стамбул шаарынын мэриясы кырсыкта 2 киши каза болуп, жараланган 7 кишини куткарылганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, 14 батирлүү турак үйдө 43 киши баш калкалап келген. Учурда куткаруу иштери уланууда.

Айрым маалыматтарга караганда, кырсыкка эч кандай жарылуу себеп болгон эмес, турак үй өзү кулап түшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18