09:19, 07 февраля 2019, 24.kg

Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, жолдон өтө албай калган 9 жүргүнчү куткарылды

Жалал-Абад облусунда кар көчкү түшүп, жолдон өтө албай калган 9 жүргүнчү куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Казарман-Актал-Чат унаа жолунда көлөмү болжол менен 9 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен 1 жеңил унаа, 2 оор жүк ташуучу КамАЗ унаасы өтө албай калган. Жалпысынан 9 жүргүнчү жолдо калган. Жерине куткаруучу топ, жол тейлөө ишканасынан техника тартылган. Кечээ, 6-февралда саат 17:15те тартылган күчтөрдүн аракетинде унаа жол бир тараптуу ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыты боюнча сапар алышты», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18