17:08, 06 февраля 2019, 24.kg

«Бомба» тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоо иштери уланууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) терроризм актысы тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына «Манас» аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген. «УКМК менен ИИМдин атайын кызматкерлери аэровокзалды, учактарды жана башка бардык имараттарды текшерип, жыйынтыгында эч кандай жардыруучу түзмөк табышкан жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Болжолдуу маалыматтар боюнча аэропортто бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат чет өлкөлөрдүн биринен жөнөтүлгөн.

Ошол эле күнү Ош шаарындагы аэропортто дагы жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшүп, текшерүүдөн кийин ал дагы ырасталган эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18