15:42, 06 февраля 2019, 24.kg

«Фабула» гезитин ырчы Айбек Карымов сатып алды

«Фабула» гезитин ырчы Айбек Карымов сатып алды. Бул тууралуу кайрадан чыгып баштаган гезиттин жамааты кабарлады.

«Айрымдары менен көз карашыбыз дал келбесе, кээ бирлеринин койгон талабы туура келбей, акжолтой гезиттин атын булгап алабайлы деген маселе биринчи орунда турду. Акыры «көздүү мончок жерде калбайт» демекчи, акжолтой гезитти КРнын эмгек сиңирген артисти Айбек Карымов сатып алды», — дейт жамаат.

Айбек Карымов гезиттин багыты өзгөрбөстүгүн, басылма менен бирге өзү да саясатка кадам таштап калышы мүмкүн экендигин билдирди.

«Саясатка аралашайын деген оюм бар. Бирок, ким билет? Азырынча чыгармачылык жана гезит менен алекмин. Саясаттан сырткары, маданият жана шаар маселелерин дагы чагылдырабыз», — деди ал 24.kg агенттигине.

Белгилей кетсек, гезит үч ай мурда убактылуу финансалык маселелерге байланыштуу ишин токтотконун айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18