11:49, 06 февраля 2019, 24.kg

Табып Хашим Зайналиевдин үстүнөн сотко арыз келип түштү

Табып Хашим Зайналиевдин үстүнөн сотко арыз келип түштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Хашим Зайналиевге тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан лицензия берилген эмес. Буга байланыштуу анын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүгө саламаттыкты сактоо органдарынын укугу болгон эмес. 

Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча мыйзамдын 5-15-беренелерине ылайык, өлкөнүн аймагындагы медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн, жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик орган тарабынан атайын лицензиясы болушу шарт.

«Табыпка карата былтыр 25-декабрда козголгон кылмыш ишин эске алуу менен, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондук сотуна табыптын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу жана лицензияланбаган дары-дармектерди колдонууга тыюу салуу боюнча арыз берилди», -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Хашим Зайналиев мыйзамсыз түрдө элдерди дарылап келген. Ал Саламаттык сактоо министрлининен дарылоого лизенция алган эмес. Анын ооруканасында бир нече өлүмгө алып келген учурлар катталган. Хашим Зайналиев декабрь айында камоого алынып, кайра акталып чыккан болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18