09:28, 06 февраля 2019, 24.kg

Ош шаары «Алай» футбол клубуна 19 миллион бөлөт

Ош шаары «Алай» футбол клубуна 19 миллион бөлөт. Акча кааланын2019-жылка бюджетинен каралат.

Мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, шаар бюджети 2018-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өсүп, 1 млрд 127 млн 634 миң сомду түзүүдө. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 187 миллион 448 миң сомго көп.

Билим берүү, капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгынын бюджети көбөйтүлгөн. Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына 120 миллион 300 миң сом, жолдор башкармалыгына 83 миллион сом, билим берүү тармагына 378 миллион 673 миң сом бюджеттин долбоорунда каралды.


«Маданият жана спорт тармагын каржылоого 74 миллион 762 миң сом каралууда. Анын ичинде «Алай» футбол клубуна 19 млн 500 миң, «Сулайман-Тоо» волейбол клубуна 3 млн 900 миң сом каралган», — дейт мэрия.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18