17:13, 05 февраля 2019, 24.kg

Укук бузуу фактылары. Өлкө бюджетине 4 миллиард сомдон ашуун акча которулду

2018-жылы финансылык полиция органдары тарабынан ачыкталган укук бузуу фактылары боюнча өлкө бюджетине жалпысынан 4 миллиард 351,6 миллион сом кайтарылган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коллегиялык жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 435 миллион сомдон ашуун каражат которулган.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр «Сиздер экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды ачыктоого өзгөчө көңүл бурууңуздар керек. Жетекчилик кызматка талапкерлерге карата андан да катаал талап коюлушу кажет. Жетекчилер өз кол алдындагылардын аракеттери жана жетектеген түзүмдүн иш жыйынтыгы үчүн реалдуу жооп берүүсү керек», — деп белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18