12:02, 05 февраля 2019, 24.kg

УКМК Сапар Исаковдун кылмыш ишин Башкы прокуратурага өткөрүп берди

УКМК мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кылмыш ишин Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, тараптар менен таанышуу процесси аяктады, эми 53 томду башкы көзөмөл органы изилдеп чыгып, кайсы сотко берет аныкташат.
 
«Биринчи Май райондук соту толуп калган. Ишти башка райондук инстанцияга өткөрүп бериши мүмкүн», -дешти прокуратурадан.
 
Жактоочу Нурбек Токтакунов 24.kg агенттигине билдиргендей, Сапар Исаковдун кылмыштын курамында жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотууну суранды.
 
Сапар Исаков 2017-жылдын августь-апрель айында өкмөттү башкарган. Ага ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча айып тагылып, учурда УКМКнын абагында.
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18