10:32, 05 февраля 2019, 24.kg

Араванда күйөөсү аялын бычактап өлтүрдү деп шектелүүдө

Ош облусуна караштуу Араван районунда күйөөсү аялын бычактап өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-февралда Араван районунун аймактык ооруканасынан РИИБге Уйгур-Абад айылынын 33 жаштагы тургуну бийиктиктен кулап каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу маркумга текшерүү жүргүзүп, анын киши колдуу каза болгонун аныкташты.

«Жубайлар ортосунда уруш чыгып, күйөөсү бычак менен аялын курсакка сайган. 33 жаштагы аял каза болду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18