15:00, 04 февраля 2019, 24.kg

Сергей Лавров: Эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди баалайбыз

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекке расмий визит менен келген Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кириши менен биздин мамилелер кызматташуунун жаңы, сапаттуу деңгээлине көтөрүлгөнүн белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп бара жатканын канаттануу менен белгилейм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров анын Бишкекке расмий визити Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитин даярдоого, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына арналганын белгиледи. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны 2019-жылдын 1-мартында өтөт.

«Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди, эки тараптуу байланыштарды жана ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ, ЕККУ, БУУ жана башка уюмдардын алкагындагы кызматташтыгыбызды жогору баалайбыз. Бул эл аралык уюмдарда биздин ортобузда тыгыз байланыш жолго коюлган. Биз бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри менен биздин алдыбызга мамлекет башчылары койгон жана бардык багыттар боюнча туруктуу, ишенимдүү ишти камсыз кылган тышкы саясаттагы бардык милдеттерди кенен-кесир талкуулайбыз», — деп баса белгиледи Сергей Лавров.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18