12:20, 04 февраля 2019, 24.kg

Ошто 2 баласын батирге таштап кеткен аял табылды

Ошто 2 баласын ижарага алган батирге таштап кеткен аял табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Түштүк борбордун ИИБсы билдирди.

Маалыматка таянсак, аял өз жашоосун куруп кетүү үчүн балдарын таштаган. 

«Аял Кара-Суу районуна барып ишке орношуп, андан ары турмушка чыгып кеткен. Ал балдардын атасы менен ажырашып кеткени маалым болду. Балдардын атасы Орусияга иштөө үчүн кеткен. Аялдын өз үйү жок, балдардын тагдырын социалдык кызматкерлер чечет», -деп билдиришти ШИИБдан.

Эске салсак, Ош шаарында аты-жѳнү белгисиз келин эки жаш кыздары менен убактылуу жашап туруу үчүн батирди ижарага алган. Бир күндѳн соң жумушка кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үй ээсинин айтуусунда, 10 күндѳн ашуун убакыт ѳттү, балдардын апасы кайрылбагандыктан издөө жарыяланган.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18