10:12, 04 февраля 2019, 24.kg

Өзгөндө атасы тарабынан зордукталган кызды гинекологдор текшерип жатат

Өзгөндө атасы тарабынан зордукталган кызды гинекологдор текшерип жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Ак Жүрөк» кризистик борборунун директору Дарика Асилбекова билдирди.

Айтымында, 14 жаштагы өспүрүм кыз тамга тааныбайт.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, жабырлануучунун 6 айылк боюнда бар. Учурда гинеколог менен психологдор иштеп жатышат. Кыздын улуу агалары бар экен, айтымында алар кызга тийген эмес. Бирок, атасы зордуктап жүргөнүн уулдары билген. Жабырлануучу сабатсыз, бирок мектепке барганын айтууда», -деди Дарика Асилбекова.

Эске салсак, Өзгөндө милиция үйлөрдү кыдырып жүрүп кош бойлуу кызды аныкташкан. Маалыматка ылайык, аны өз атасы зордуктап койгон. Шектүү психикалык жактан жабыркайт деп айтып жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18