09:01, 04 февраля 2019, 24.kg

Кыргыз жарандары менен үй-бүлө курган тажикстандыктар көбөйүүдө

Былтыр Тажикстандын 200дөн ашык жараны расмий түрдө чет өлкөлүктөр менен баш кошкон. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин алдындагы Жарандык актыларды каттоо башкармалыгынан билдиришкендей, өткөн жылы тажикстандыктар чет өлкөлүктөрдүн ичинен баарынан да кыргыз жарандары менен көп (100дөн ашык) үй-бүлө курушкан. Андан кийин Өзбекстан, Орусия, Ооганстан, Иран, Түркия, Түркмөнстан, Казакстан, Украина жана Италия жарандары турушат.

Мекемедеги өз булактардын билдиришинче, кыргыз жарандары менен үй-бүлө кургандардын 95и өлкөнүн кыргыздар эң көп жашаган Жергетал районунун тургундары болуп эсептелет. «Алардын көбү тарыхый мекенине көчүп кетүүнү каалашат. Бул үчүн кыргызстандыктар менен үй-бүлө куруу жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет», — деп белгиледи булак.

2011-жылы тажик парламенти өлкөнүн Үй-бүлөлүк кодексине бир нече өзгөртүүлөрдү киргизген. Аларга ылайык, тажик кыз-келиндерине үйлөнүүнү каалаган чет өлкөлүктөр негизги үч шартты аткарышы керек: өлкө аймагында кеминде бир жыл жашоо; никеге турганга чейин нике келишимине кол коюу; өмүрлүк жарын турак-жай менен камсыз кылуу.

Өлкө бийлиги мындай чектөөлөр жубайлар ажырашып кеткен учурларда тажик жарандарынын мүлккө болгон укуктарын коргоого байланыштуу киргизилгенин билдирип келет.

2017-жылы БУУнун Расалык басмырлоону жоюу комитети тажик бийлигинен бул чектөөлөрдү алууну талап кылган. Комитеттин баяндамасында мындай чектөөлөр адамдын негизги укуктарын, анын ичинде жубай тандоо укугун олуттуу буза турганы жазылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18