24.kg
08:39, 04 февраля 2019, 24.kg

«Бишкек-Ташкент» автобус каттамынын үзгүлтүккө учурашы боюнча билдирүү жасалды

Өзбекстан Автотранспорт мекемеси Казакстандын «Бишкек-Ташкент» багыты боюнча жүргөн автобус каттамын өз аймагы аркылуу өткөрбөй жатканы боюнча билдирүү жасады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз тарап кышкы мезгилге карата каттамдардын жүрүү убактысына өзгөртүүлөрдү киргизип, ал Казакстандын Дархан айылынан Бишкекке каттаган эл аралык автобус рейсинин убактысы менен дал келип калган. «Буга байланыштуу Казакстан өз аймагы аркылуу автобустардын өтүшүн убактылуу токтоткон. Учурда бул боюнча үч тарап ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдиришти мекемеден.

Кыргызстан менен Өзбекстан Бишкектен Ташкентке жүрүүчү рейсти 2018-жылдын май айында эки өлкөнүн өкмөтүнүн келишиминин негизинде ишке киргизген. Каттамдын жалпы узундугу 601 чакырымды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18