24.kg
11:00, 03 февраля 2019, 24.kg

Кош жылдыздардан дуэт

Кыргыз шоу-бизнесинде бош кошкон түгөйлөр ондоп саналат. Аларга суктанган күйөрмандары «кош жылдыз», «бал ширин» деп атап коюшат.

24.kg агенттиги бирге түтүн булатып, турмуш жолунда жана чыгармачылыкта бирге жүргөн кош жылдыздар тууралуу кыскача маалымат даярдады.

Азыркы учурда жылдызы жанып турган ырчы мырзалардын бири Нурлан Насип. Аны дээрлик баардык чыгармаларын жаш-кары дебей сүйүп угушат. Ырчы өткөн жылы Асел Кадырбекова менен кол кармашты. Түгөйлөр учурда тун наристесин күтүп жаткан убагы.

Photo 104185

Кош жылдыздар «Ашык болуу», «Бакытымсың» аттуу ырларды бирге аткарышкан. Жакында эле сөзү Надырбек Алымбеков, обону Каныкей Эралиевага таандык «Ырдалып бүтпөйт махабат» аттуу чыгарманы элге жарыялашты. 

Photo 104198

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын өкүл ата-өкүл апасы "бал ширин" атка конушкан Урмат Усенов менен Неля. Алар учурда 2 баланы тарбиялап жатышат. Бал шириндер буга чейин «Энекем» аттуу ырды ырдап чыгышкан. Андан кийин сөзү Байдылда Сарногоев, обону Алтымыш Кадыровго таандык «Бактылуу болуп жашайын» аттуу чыгарманы аткарышты. 

Ырчы Эмил Балтагулов жана жубайы Гүлгүнай экөөнүн дуэтинен жаралган «Махабат дастаны» аттуу чыгарма дагы элдин көңүлүнө жаккан. 

Photo 104197

Гүланда жана Айбек Карымов көп учурда дуэт аткарышат. Алардын бирге ырдаган «Менин сүйүүм», «Кош канат», «Таалайлуу болуп алалы» аттуу ырлары бар. 

Достор тобунун мүчөсү, белгилүү ырчы Гүлзат Байзакова жана анын жолдошу Ишенбек Календаров «Талым кыз менен Көбөктүн айтышы» аттуу чыгарманы чогуу аткарышкан. 

Мындан сырткары «Кеңеш» тобунун негиздөөчүлөрү Мүзүр Мамбетов жана жубайы Гүлмиранын «Карагат», «Суранам» аттуу ырлары бар. 

Белгилүү куудул, маркум Жаныбек Алыкулов дагы ырчылык өнөрү аркылуу калың журтка таанымал болгон. Анын «Шорпо» аттуу ыры азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Куудулдун жубайы Азиза Анарбаева экөө аткарган «Сары жалбырактар» , «Ай жарык» аттуу чыгармалары бар. 

Жаштар арасында өзгөчө популярдуу Айдана Дека жана жигити Аваз Акимов дагы баш кошчу күн алыс эместир. Аларды бириктирген ыр - «Аппагым». 

Ошондой эле кош жылдыздар Эмгек сиңирген артист Кайрат Пиримбердиев менен жубайы Эльвира Пиримбердиева, белгилүү ырчы Кутман Жолдошев жубайы Мунара, ырчы Жанара Атабекова жана жолдошу Нурбек Айдаров дагы дуэт аткарышкан. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18