Адистин кеңеши. Кечки жеке коопсуздук эрежелерин эске түйүп алыңыз
Адистер кол салуунун объектиси болуп калуунун бир канча фактору бар экенин айтышат. Изилдөө көрсөткөндөй, кылмышкерлердин көңүлүн өзүнө ишенимдүү жүргөн, баскан турганы тың, ийинин кенен сала чоң-чоң кадамдар менен баскан кишилерге караганда, көп учурда жайы тынч эмес, кабагы салыңкы, кыймыл-аракети жай кишилер бурат. Ошондой эле кылмышкердин көзүнө бийик такалуу, кыска юбка кийген кыздар да бат илинет.
24.kg агенттиги караңгыда өз коопсуздугун камсыз кылуунун жолдорун тизмектеди.