24.kg
15:24, 01 февраля 2019, 24.kg

Чүйдө терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондорго өзүнчө жаңы корпус ачылды

Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы № 27 колонияда терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондорго өзүнчө жаңы корпус ачылды. 

Имарат 180 кишиге ылайыкташтырылган. Корпустун курулушуна бюджеттен 33 миллион 928 миң сом каралган. Кыргызстанда экстремизм жана террорчулукка айыпталган 600дөн ашуун киши бар. Бир канча жылдан бери өзүнүн идеяларынан болгону 4 гана киши баш тартышкан.

ЖАМКтын төрагасы Таалайбек Жапаровдун айтымында, мыйзам боюнча экстермизм жана терроризмге айыпталгандар өзүнчө камерада отурушу керек. Бирок, мындай контингент үчүн корпусту мамлекеттин эсебинен биринчи жолу курушту. 

Учурда жаңы имаратта 100го жакын соттолуучу кармалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18