24.kg
15:10, 01 февраля 2019, 24.kg

Ош—Араван унаа жолундагы кырсык 1 кишинин өмүрүн кыйды

Ош—Араван унаа жолунун 10-чакырымында жол кырсыгынан бир киши каза болуп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган тургуну А.К.нын башкаруусундагы «Дэу Матиз» жолдун четине чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Араван районунун 1997-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде каза болгон. Унаадагы башка 2 жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Ал эми айдоочу жаракат алган эмес.

Аталган кырсык боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18