24.kg
13:59, 01 февраля 2019, 24.kg

«Манас» жана Айтматов академиясы түзүлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкта академиянын максаты «Манас» эпосун, кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу экени белгиленген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечими кабыл алынганы жөнүндө былтыр, 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирген.

«Манас» эпосу 2013-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Мындан тышкары дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

ЮНЕСКОнун маалыматына караганда, Чыңгыз Айтматов учурдун эң көп окулган авторлорунун бири болуп эсептелет. Анын чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, китептери 128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нускада басылып чыккан. Жазуучунун чыгармалары көптөгөн өлкөлөрдө мектеп жана жогорку окуу жайлардын программаларына киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18