24.kg
11:48, 01 февраля 2019, 24.kg

ММБФ Энергохолдингдин тагдырына окшошуп калбайбы деп кооптонгон депутат

Депутат Чыныбай Турсунбеков Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонд өзгөргөндөн кийин Энергохолдингдин тагдырына окшошуп калбайбы деп кооптонду. Бул тууралуу ал КСДП фракциясынын отурумунда билдирди.

Айтымында, Энергохолдингди түзүүдө энергетиктер компания эффективдүүлүгүн көрсөтөт деп ишендиришкен.

«Бизге энергетикадагы күчтүү мамлекеттик компания түзүүнү убадалашкан. Биз холдинг түзүүгө уруксат бергенбиз. Азырынча жыйынтык жок. Фонд дагы ошондой болуп калбайбы?», -деп сурады Чыныбай Турсунбеков.

Фонддун башчысы Ренат Түлөбердиев Энергохолдинг боюнча активдердин номиналдык баасы тууралуу бир канча суроосу болгонун айтты. Кайра баалоо процесси былтыр башталган.

«Азырынча биринчи блокту баалоо аяктады. Жайында энерго тармактын баасын билебиз», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18