24.kg
11:10, 01 февраля 2019, 24.kg

Акыркы жылдары Кыргызстанда ооруканалардын саны өскөн жок

Акыркы жылдары Кыргызстанда ооруканалардын саны өскөн жок. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.

Айтымында, 2016-жылы 181 оорукана болгон болсо, 2017де анын саны өзгөргөн эмес. Муну менен катар 2016-жылы 27,1 миң койка кыскартылган, 2017де 26 мин 35 орун кыскарган.

«Калктын саны өсүүдө. Ооруканалар менен эмканалардын саны ошол бойдон. Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 2 жылда 3 миллиард 244 миллион сомдон 3,3 миллиардка чейин өскөн», -деди ал.

Депутаттын билдиргенине таянсак, акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагына көптөгөн гранттар жана насыялар тартылган.

«Швейцариядан 12 миллион доллар, Бүткүл дүйнөлүк банктан 13,5 миллион доллар тартылган, алардын 45 пайызы грант. Герман өнүктүрүү банкы 16 миллион евро берген», -деди Жыргалбек Турускулов. Ал буга кошумча дагы бир канча каржы булактарын эсептеп айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18