24.kg
10:58, 01 февраля 2019, 24.kg

Жүргүнчү, эл аралык жүктөрдү ташуу. Мөөнөтү өтүп кеткен лицензиялар узартылат

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүктөрдү ташуучу унаалардын мөөнөтү өтүп кеткен лицензияларын дагы 2 айга узартуу чечими кабыл алынат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, лицензиялар өкмөт тарабынан лицензияларды берүү үчүн бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү бекитилгенге чейин акысыз узартылат. Мындай чара эл аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган унаалардын токтоп калышын алдын алуу үчүн кабыл алынды.

Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан тарта аталган министрликтин алдындагы унаа, суу транспорту агенттиги эл аралык жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга лицензия берүүнү токтоткон. Бул өкмөт тарабынан лицензияларды берүү үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү бекитилбегендигине байланыштуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18