24.kg
10:35, 01 февраля 2019, 24.kg

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү. Каржы полициясында анын тууганы иштейт

Кечээ Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү текшериле баштаганын тастыктады.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы болуп Райымбек Матраимовдун бир тууганы Исламбек Матраимов иштейт.

Президенттин басма сөз кытчысы Толгонай Стамалиева буга чейин 24.kg агенттигине текшерүү канчалык деңгээлде объективдүү болот деген суроого, анын бул тууралуу маалыматы жок экендигин жана текшерүү тууралуу демилгени каржы полициясы Сооронбай Жээнбековдун көрсөтмөсү жок эле көтөрүп чыкканын айткан.

Аталган кызмат дагы текшерүү канчалык деңгээлде объективдүү болот деген суроого жооп берген жок.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18