24.kg
08:37, 01 февраля 2019, 24.kg

Жалал-Абадда 200 окуучу чатырларда билим алууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-май айыл айыл аймагына караштуу Ажек айылындагы № 20 Ажек орто мектебинин 200дөй окуучусу январь айынан тартып чатырларда окуп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» 1-май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

«Эски мектептин экинчи корпусунун дубалынан жарака кетип, окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан былтыр сентябрь айында маданият үйүнө көчүрүлгөн. Кышкысын күндүн кыскалыгынан окуучуларды нөөмөт менен окутуу мүмкүн болбогондуктан үч чатырга 200 окуучуну алып чыктык. Ал эми калган окуучулар маданият үйү менен мектептин дагы бир жараксыз корпусунда билим алууда», — деди Муктар Шербаев.

Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан 1-май айыл аймагынын Ажек айылында үч миңден ашык калк жашайт. Мектеп имараты 1959-жылы курулуп, ӨКМ тарабынан эки жолу жараксыз деген бүтүм чыгарылган. Бирок имарат тартыштыгынан улам 200 окуучу авариялык имаратта, 100 окуучу маданият үйүндө, 200дөн ашыгы чатырларда билим алып жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18