24.kg
17:16, 31 января 2019, 24.kg

Ажылык-2019. Зыяратчыларды ташуучу авиакомпания жана билет баасы аныкталды

Кыргызстандык зыяратчыларды Меккеге «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Аталган авиакомпания сынакка жалгыз катышып, жеңүүчү деп табылды. 

Белгилей кетсек, Flaynas Сауд Арабиялык компаниия былтыры дагы зыяратчыларды Меккеге алып барып келген.

Билет баасы 1 миң 550 доллар бойдон калды.

«300 орунду Boeing 767–300 учагы алгач Сауд Араб Падышалыгынан Кыргызстанга бош учуп келет дагы 300 ажыны Мекке шаарына алып барат. Ажылык сапары бүткөндөн кийин Сауд Араб Падышалыгынан 300 ажыны Кыргызстанга алып келет дагы бош учуп кетет. Бул түз чартердик рейс болгондуктан 4 рейстин 2 рейси бош учуп келүүгө туура келет. Ошондуктан бул коюлган баанын ичинде барып-келүү чыгымдары жана төлөмдөрдүн бардыгы кошо эсептелинген», — деди «Flaynas» авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Окенов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18