24.kg
15:28, 31 января 2019, 24.kg

Экс-президент, өкмөт башчы, төраганы өмүр бою каржылоо сунушталды

Депутат Мирлан Бакиров бюджеттик эсептен мурунку президенттерди, премьер-министрлерди, төрагаларды өмүрүнүн акырына чейин камсыздап турууну сунуштады. Жогорку кызмат адамдары тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке мурунку президенттер, премьер-министр жана парламенттин төрагасы кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартыла алышпайт, андан сырткары камакка алынбайт, тинтүүгө уруксат берилбейт жана суракка алынбай турганын түзүү сунушталды. Мындан сырткары кол тийбестикти депутаттардын 3төн экисинин чечими менен алып салса болот.

Аты аталган 3 жогорку кызмат ээлерине мамлекеттин эсебинен маяна катары мамлекеттик камсыздоо сунушталды. Буга кошумча кызматтык үй, унаа жана атайын күзөт берүү айтылды.

Мындан сырткары мурунку жетекчилерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык-медициналык, курорттук жана турмуш-тиричиликтик кызматтар көртөтүлсүн деген сунуш айтылды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18