24.kg
11:17, 31 января 2019, 24.kg

Кочкор районунда турак үйлөрдүн короолорун суу каптады

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган райондун Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусу тоңуп муз катмары пайда болгон. Натыйжада, 20 турак үйдүн короолорун суу каптаган. 

Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч жок.

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, тартылган техниканын жардамында суунун жээгин бекемдөө жумуштары аткарылган. Иш-чаралар бүгүн улантылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18