«Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча Кыргызстан 70-орунда турат
Дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстан 7 көрсөткүч боюнча ордун жакшыртты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйында билдирди.
«Атаандаштыктын глобалдык көрсөткүчүндө биз өз позициябызды 5 көрсөткүч боюнча жакшыртып, дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн ичинде 97-орунда турабыз. Экономикалык эркиндик рейтингинде Кыргызстан 89-орундан 78-орунга көтөрүлгөн», -деди өкмөт башчы.