Бишкек-Ташкент багытындагы автобустар Казакстанга өткөрүлбөй жатат
Казакстан өзүнүн аймагына Бишкек-Ташкен транзиттик автобустарын өткөрбөй жатат. Бул тууралуу «Транс-Союз-Азия» ачык акционердик коому кабарлады. Бул маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкери да «Азаттыктын» кабарчысына тастыктады.
Бирок казак тарап расмий документ жөнөтүп, өзгөрүүлөр Казакстан менен макулдашылбаса алар мыйзамсыз болорун эскерткен. Жүргүнчү ташуучулар тийиштүү кагаздарды топтоп, Казакстанга жөнөткөн, бирок азырынча жооп келе элек.
Айрым ЖМКларда жарыяланган маалыматка ылайык Казакстандын Транспорт комитети Бишкек-Ташкент рейсине өзүнүн жүргүнчү ташуучу компаниясын киргизүүгө кызыкчылыгы болгондуктан ушундай чектөөлөргө барууда. Бул маалыматты Кыргызстандын Транспорт министрлигинин өкүлү тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Жүргүнчүлөрдү өзбекстандык «Mironshox Grand Trans» жана кыргызстандык «Транс Союз-Азия» компаниялары ташыйт. Жалпы маршруттун узундугу 601 чакырымды түзөт.