24.kg
10:24, 30 января 2019, 24.kg

Мурунку таритип сакчы пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте Майлы-Суу ИИБнын мурунку кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, буга чейин ИИМге Ж.Н. аттуу жаран кайрылып, Каныбек аттуу милиция 20 миң сом акча талап кылып жатканын айткан.
 
«Арыз ээсинин айтымында, милиция аны менен түшкөн видеосун интернетке жарыялайм деп акча талап кылган. Тартип сакчысын акча алып жаткан жерден кармашты. Текшерүү маалында анын жанынан Майлы-Суу ИИБнын сержанты деген күбөлүк табылды. Ал мурда иштен бошотулганы аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп билдиришти ИИМден.
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18