Магнитогорскиде жарылуу. Кыргызстандыктын кыйноого алынганы текшерилүүдө
Орусиянын Челябинск облустук тергөө башкармалыгы Магнитогорскидеги үйдүн жарылышына тиешеси болушу мүмкүн деп кармалган кыргызстандык жаран кыйноого алынган деген маалыматтарды текшерүүдө. Ошол эле маалда тергөө башкармалыгы жабырлануучу жана анын аялы «кыйноо колдонулганын караманча четке кагып» жатканын ырастоодо.
Бирок Челябинск облусунун прокурору Виталий Лопин жабырлануучунун денесинде ур-токмоктун издери бар экенин маалымдады.
Кыргызстандын жараны Халимахон күйөөсү Хуснидин Зайнабидинов 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынып, кыйноого кабылганын «Азаттык» радиосуна билдирген.
Орусиядагы укук коргоочу Бахром Хамроевдин билдиришинче, Зайнабидиновду «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси каралууда. Алдын ала маалымат боюнча Зайнабидинов 2010-жылы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ал эми укук коргоочу Бахром Хамроевдун айтымында, Магнитогорскидеги окуялардан кийин борбор азиялыктар массалык түрдө камакка алынып, кысымга кабылууда.