24.kg
17:55, 29 января 2019, 24.kg

Былтыр 1 600 абонент акылдуу эсептегичтерге карата нааразычылыгын билдиришкен

2018-жылы 1,6 миң абонент акылдуу эсептегичтерге карата нааразычылыгын билдиришкен. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКнын башкы директору Искендер Кадыркулов билдирди.

Айтымында, жаңы эсептегичтер бузулбай канча электр энергиясы колдонулганын так көрсөтөт. «Баардык арыздар боюнча биз текшерүү жүргүздүк. 99 пайыз арыздар тастыкталган жок. Аталган эсептегичтер так чыкты», -деди ал.

Эске салсак, акылдуу эсептегичтер өлкө аймагында 2012-жылы орнотула баштаган. Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, 221 миң акылдуу эсептегичтер орнотулган. Өткөн жылы эсептегичтерин жаңыга алмаштырган абоненттердин саны 31 миңге жеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18