24.kg
10:01, 29 января 2019, 24.kg

Митингде кытайларды өлтүрүү керек деп чакырык жасаган аял кармалды

Бишкекте 17-январда болгон митингде кытайларды өлтүрүү керек деп чакырык жасаган аял кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине активист Аманбол Бабакулов билдирди.

Айтымында, активисттин өзүн дагы кечээ Биринчи Май райондук ИИБга суракка чакырышкан.

«Аялды 2 айга тергөө абагына камашыптыр. Тергөөчүлөр ал аялды канчалык деңгээлде таанысың деп сурашты. Чынын айтсам, ал аялды эч качан көргөн эмесмин, митинг күнү колумдан микрофонду жулуп алып, кытайларды өлтүрүш керек деп кыйкырган», -деди ал.

Эске салсак, 17-январда Ала-Тоо аянтында кытайлык экспансияга каршы митинг өткөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18